Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

БШКга документтерди үч партия гана кынтыксыз тапшырды


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого катышуу укугун алыш үчүн үч партия гана документтерди кынтыксыз тапшырганын билдирди. Алар - «Ата Мекен», «Бир Бол» жана «Мекенчил» партиялары.

Калган партиялардын талапкерлери тууралуу маалыматтар жетишсиз, айрымдарынын тизмеси толук эмес. Аларда эки күн аралыгында (25-26-август) кемчиликтерин оңдоого мүмкүнчүлүк бар.

24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алуу жыйынтыкталып, 17 партия эрежелерди аткарганы айтылган. Бирок «Кыргызстан» партиясы документ тапшыруу шарттарын бузганы кабарланып, 25-августта документтери артка кайтарылды.

120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттары партиялык тизме аркылуу беш жыл сайын шайланат. Кезектеги шайлоо 4-октябрда өтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG