Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:05

Жогорку сот: мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулуна мунапыс колдонулду


Дамирбек Асылбек уулу.
Дамирбек Асылбек уулу.

19-августта Жогорку сотто парламенттин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун иши жаңы ачылган жагдайлар боюнча каралып, 2019-жылы 15-ноябрдагы Жогорку соттун токтому өзгөртүлгөн. Бул тууралуу Жогорку сот маалымдады.

Жогорку сотто мурдагы депутаттын жактоочусунун арызы канааттандырылды. Ага ылайык, Дамирбек Асылбек уулу Жазык кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүмү («Уюшкан кылмыштуу топ түзүү») боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Ал эми Жазык кодексинин 223-беренеси («Экономикалык аткезчилик») менен үч жылга эркинен ажыратылып, бирок Улуу Ата мекендик согуштун 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс колдонулуп, эркиндикке чыгарылды.

«Уюшкан кылмыштуу топ түзүү» жана «Аткезчилик» беренелери менен Казакстанда, кийин Кыргызстанда да 10 жылга соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу түрмөдөн чыкканы 21-августта белгилүү болгон. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында жазасын өтөп жаткан.

Кыргызстандын Жогорку соту былтыр Дамирбек Асылбек уулун Жазык кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүмү («Уюшкан кылмыштуу топ түзүү») жана 204-беренесинин 4-бөлүмү («Аткезчилик») менен күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыраткан. Анын жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 15-февралынан тартып эсептелет жана өкүмгө каршы даттанууга болбойт деп чечилген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Казакстанда 10 жылга эркинен ажыратылган Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга былтыр 18-ноябрда экстрадицияланган. Экс-депутатка Казакстанда «чек арадагы аткезчилик менен алектенген» жана «эл аралык уюшкан кылмыштуу топко катышы болгон» деген айып коюлган. Дамирбек Асылбек уулу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Бул кылмыш ишинин негизинде жалпысынан 12 киши соттолгон.

2018-жылы февралда Казакстандын күч түзүмдөрү атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов жана Чыңгыз Абакиров кармалып, алар да түрмөгө кесилген. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 2018-жылдын 16-апрелинде ажыраткан.

Ал «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган болчу. (TSh)

XS
SM
MD
LG