Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Беларуста Нобел сыйлыгынын лауреаты суракка чакыртылды


Нобел сыйлыгынын лауреаты, 72 жаштагы жазуучу Светлана Алексиевич. Тбилиси, 13-сентябрь, 2017-жыл.
Нобел сыйлыгынын лауреаты, 72 жаштагы жазуучу Светлана Алексиевич. Тбилиси, 13-сентябрь, 2017-жыл.

Беларус бийлиги Нобел сыйлыгынын лауреаты, 72 жаштагы жазуучу Светлана Алексиевичти өлкөдө болуп жаткан Лукашенкого каршы митингдерге байланыштуу суракка чакырды.

Сурак Тергөө комитетинде 26-августта өтөт.

Оппозиция түзгөн Координациялык кеңештин эки мүчөсү «уруксатсыз митингдерди уюштурган» деген кине менен дүйшөмбүдө камалган.

Координациялык кеңеш саясий кризисти жөнгө салуу максатында бийлик менен диалог түзүш үчүн өткөн аптада негизделген.

Президент Александр Лукашенко бул Кеңеш «бийликти мыйзамсыз жол менен басып алууну көздөйт» деп эсептейт.

Ал арада Евробиримдиктин өкүлү «France-Presse» агенттигине билдиргендей, шаркеттин тышкы иштер министрлери Беларустагы добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалап, демонстранттарга күч колдонууга тиешеси бар 15-20дай режим өкүлдөрүнүн чет жактагы банк эсептерин камакка коюп, өздөрүнө санкция салууну караштырып жатышат.

Алар бул тууралуу 26-августта Берлинде өтө турган жыйында сүйлөшөт.

Беларуста президент Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган демонстрациялар 9-августтан бери токтой элек.

XS
SM
MD
LG