Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

АКШда Республикалык партиянын жыйыны уланууда


Кошмо Штаттардын биринчи айымы Мелания Трамп. 25-август, 2020-жыл.
Кошмо Штаттардын биринчи айымы Мелания Трамп. 25-август, 2020-жыл.

АКШда Республикалык партиянын 24-августта башталган төрт күндүк жыйыны уланууда. Экинчи күнкү жыйын «Мүмкүнчүлүктөр жергеси» деп аталып, мурунку күнгө салыштырмалуу жакшы маанайда өттү.

Жыйындын биринчи күнүндө жалаң демократтардын талапкери Жо Байден менен демократтардын дарегине сын айтылган.

Ак үйдүн Роза багында сүйлөгөн Кошмо Штаттардын биринчи айымы Мелания Трамп «президент силер үчүн жана силердин үй-бүлөңөр үчүн күрөшүүнү токтотпойт» деп билдирди. Ал ошондой эле пандемияда жакынын жоготкондорго көңүл айтты.

«Марттан баштап биздин жашообуз толугу менен өзгөрдү. Көзгө көрүнбөгөн душман ажайып мамлекетибизди аралап, ар бирибизге таасирин тийгизди. Мен жакынын жоготкон ар бир адамга көңүл айтам», - деген Мелания президент бул оорунун вакцинасы же натыйжалуу дарылоо жолу табылмайынча күрөштү токтотпой турганын кошумчалады.

Кошмо Штаттар коронавирустун жайылышы жана андан каза болгондордун саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Инфекция жуккандардын саны 5,7 миллиондон ашты, алардын 179 миңге жакыны көз жумду.

Пандемия маалында тийиштүү аракет кылбаганы үчүн 74 жаштагы Трамп демократтардын катуу сынына кабылып келет.

Жыйындын экинчи күнүндө мамлекеттик катчы Майк Помпеонун сүйлөшү дагы демократтарды нааразы кылды. Алар Помпео ондогон жылдардан бери мамлекеттик катчылардын шайлоо маалында ички саясатка кийлигишпеген салтын бузду деп эсептешет. Демократтар ошондой эле президенттин балдары Эрик менен Тиффани Трамптын мамлекеттик мекемелердин ичинен сүйлөшү мыйзамды бузууга барабар экенин билдиришти.

Трамптын шайлоо өнөктүгүндө пандемияга чейинки күчтүү экономикага жана жумушсуздукту жоюуга басым жасалууда.

XS
SM
MD
LG