Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 02:25

Иса Өмүркулов «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого барат


Иса Өмүркулов.

Парламенттеги Кыргызстан социал-демократиялык фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого барат. Бул тууралуу «Мекеним Кыргызстан» партиясынын төрагасы Мирлан Бакиров «Азаттыкка» маалымдады.

«Иса Өмүркулов биздин партия менен бараткан талапкерлердин арасында бар. Тизмеде канчанчы экенин Борбордук шайлоо комиссиясында бардык документ текшерилгенден кийин белгилүү болот», - деди Бакиров.

Иса Өмүркулов өзү шайлоого баратканын тастыктап, бирок кайсы партиядан экенин айткан жок. «Азаттыктын» булагы Өмүркулов тизмеде алдыңкы 30 кишинин ичинде экенин кабарлады.

14-августта Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү Иса Өмүркулов КСДПнын лидеринин милдетин аткаруучу Анвар Артыковго партиядан чыгуу тууралуу арыз бергени белгилүү болгон.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Иса Өмүркулов КСДПнын саясий кеңешинин чечими менен партиядан 2018-жылы эле чыгарылганын айткан.

Иса Өмүркулов – 2016-жылдан бери парламенттеги башкаруучу коалициядагы КСДП фракциясынын жетекчиси. Ал Жогорку Кеңештин беш жолку чакырылышында депутат болгон.

2017-2018-жылдарга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын саясатчылардын бири болгон. Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин эки саясатчынын мамилеси бузулган. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (24)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG