Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Каныбек Иманалиев эч бир партия менен шайлоого барбайт


Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев алдыдагы парламенттик шайлоого катышпай турганын айтты. Ал «Азаттыкка» комментарий берип, кайсы бир партия менен шайлоого бара турганы жөнүндө мурда сөз кылбаганын билдирди.

Буга чейин Каныбек Иманалиев «Мекеним Кыргызстан» партиясынын жыйындарына катышкан сүрөттөрү социалдык тармактарга жарыяланган болчу.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алуу жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы айтылган. «Кыргызстан» партиясы шарттарды бузган деген негизде 25-августта документтери артка кайтарылган. Партиянын жетекчилиги сотко кайрыларын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG