Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:03

Партия өкүлдөрү, жарандык активисттер Бишкектин административдик сотунун алдына чогулушту


«Кыргызстан» партиясынын тарапташтары. 27-август, 2020-жыл.
«Кыргызстан» партиясынын тарапташтары. 27-август, 2020-жыл.

27-августта Бишкектин административдик сотунун алдына бир нече саясий партиянын мүчөлөрү, жарандык активисттер чогулду.

Учурда БШКнын чечимине каршы «Кыргызстан» партиясынын Бишкектин административдик сотуна берген арызы каралганы жатат.

Соттун алдына чогулган «Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү соттордон басым алдында эмес, калыс чечим чыгарууну талап кылышууда. Ал эми ага каршы бир нече партиялардын өкүлдөрү соттон БШКнын чечимин колдоону талап кылып жатышат.

БШК 25-августта «Кыргызстан» партиясы «шарттарды бузган» деген негиз менен анын документтерин артка кайтарган. Ага чейин, 24-августта партиялардан тизмеге байланыштуу тийиштүү документтерди кабыл алуу аяктаган. 17 партия документ тапшырганы расмий кабарланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG