Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Токмокто «Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери акцияга чыгышты


«Кыргызстан» партиясынын 20-августта өткөн жыйыны. 2020-жыл, Бишкек.
«Кыргызстан» партиясынын 20-августта өткөн жыйыны. 2020-жыл, Бишкек.

«Кыргызстан» саясий партиясынын ондогон тарапкерлери 27-августта Токмок шаарында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу аталган партиянын өкүлдөрү «Азаттыкка» билдиришти.

Чогулгандар «Биз БШКнын чечимине каршыбыз!», «Биз мыйзам бузган жокпуз!», «Адилеттүү сотту талап кылабыз!» деген жазууларды көтөрүп турушту. Алар Боршайкомдун «Кыргызстан» партиясынын документтерин артка кайтарган чечимин жокко чыгарууну соттон талап кылышты.

БШК 25-августта «Кыргызстан» партиясы «шарттарды бузган» деген негиз менен анын документтерин артка кайтарган. Ага чейин, 24-августта партиялардан тизмеге байланыштуу тийиштүү документтерди кабыл алуу аяктаган. 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган.

26-августта «Кыргызстан» партиясы БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген. (NT)

XS
SM
MD
LG