Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

АКШда вице-президент демократтардын талапкерин сындады


АКШнын вице-президенти Майк Пенс, Балтимор. 26-август, 2020-жыл.
АКШнын вице-президенти Майк Пенс, Балтимор. 26-август, 2020-жыл.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс Республикалык партиянын 26-августта Балтимор шаарында өткөн улуттук жыйынында Демократиялык партиядан президенттик шайлоого аттанган Жо Байденди сындады. Ал демократтардын талапкери «Американы зомбулукка жетелеген саясатты күчөтөт» деп айтты.

«Силер Жо Байдендин Америкасында коопсуз болбойсуңар», - деди Пенс.

Пенс негизинен өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталышы жана тартип тууралуу сөз кылып, президент Дональд Трамптын полиция бөлүмдөрүнө колдоо көрсөтүп жатканын кубаттады. Анын сөзү 23-августта Висконсин штатынын Кеноша шаарында бир афроамерикалык жарандын полициянын огунан жаракат алышына байланыштуу нааразылык акциялары өтүп жаткан учурга туура келди.

Демократиялык партиянын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден Пенске «Твиттер» аркылуу жооп берип, америкалыктар дагы төрт жыл «коркуу, ажырым жана жек көрүү» коштогон жашоону же «үмүт, биримдик өкүм сүргөн жана жаркын» турмушту тандашы керек экенин айтты.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG