Жапонияны дээрлик сегиз жылдан бери башкарып келе жактан Синзо Абэ ден соолугуна байланыштуу премьер-министрлик кызматтан кызматтан кетери кабарланып жатат.
Ал мындай билдирүүсүн 28-августтагы атайын басма сөз жыйынында жарыялай турганын ага жакын булактар билдиришти. Бирок азырынча Абэ бул жолку өкмөт башчылык мөөнөтүнүн аягын утурлай кызматтан кетери же ишин дароо тапшырып берери белгисиз. Өкмөттөгү жогорку расмий өкүлдүн айтымында, Абэ премьерлик кызматта дагы бир жыл отурушу мүмкүн.
Бул кабар ансыз да коронавируска байланыштуу рецессиядан катуу жабыркаган жапон финансылык рыногунда олку-солку абалды жаратты.
65 жаштагы Абэ жакында эки жолу ооруканага барып келгени белгилүү болгон. Жапон медиасы премьер-министр ичеги ооруларынан жапа чегип жатканын жазып жатат.
Абэ 2007-жылы да өкмөттүн башына келип, бир жыл өтпөй ичеги-карын оорусуна байланыштуу премьерлик кызматтан кеткен. 2012-жылкы шайлоодо кайра жеңишке жетишкенде илдети көзөмөлдө экенин айткан.
Синзо Абэнин азыркы премьерлик мөөнөтү 2021-жылдын сентябрында аяктамак.