Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:40

Эгемендик майрамына карата бир катар жарандарга мамлекеттик сыйлыктар берилет


2019-жылы берилген мамлекеттик сыйлыктар.
2019-жылы берилген мамлекеттик сыйлыктар.

Президент Сооронбай Жээнбеков 31-август - Эгемендик күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү 28-августта билдиргендей, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө салым кошкону, кесиптик ишмердүүлүгүндө жетишкендиктери үчүн сыйлыктар ондогон жарандарга ыйгарылат.

Анын ичинде жогорку даражадагы «Манас» ордени менен Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык педиатрия кафедрасынын башчысы Дүйшө Кудаяров, II даражадагы «Манас» ордени менен профессор Мамбет Мамакеев, акын, коомдук ишмер Омор Султанов, III даражадагы «Манас» ордени менен коомдук ишмер Кемел Ашыралиев, «Даңк» медалы менен пенсионер Салия Жолдошева, Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов, Кара-Суу балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин эркин күрөш боюнча машыктыруучусу Ахмаджон Рахимов, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректору Рая Султаналиева сыйланат.

Мындан тышкары «Кыргыз Республикасынын эл артисти», «Эл жазуучусу», «Эл акыны», «Эмгек сиңирген артист» жана башка ардак наамдар ар кайсы тармактагы адистерге берилет. Жарлыкка ылайык, бир катар жарандарга жетишкендиктери үчүн президенттин Ардак грамотасы ыйгарылат.

Мамлекеттик сыйлыктарды ала турган жарандардын тизмеси president.kg сайтына жарыяланды. (NT)

XS
SM
MD
LG