Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Шайлдабекова: «Кыргызстан» партиясы боюнча Жогорку сотко кайрылабыз


Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 25-августтагы отуруму.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 25-августтагы отуруму.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Кыргызстан» партиясына карата Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге макул эмес. Ал жакын арада БШК кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрыларын маалымдады.

«Мурда кабыл алган чечимибизди колдоп, мыйзамдуу болгон деп эсептейбиз. Демек, административдик соттун чечимине каршы кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылабыз», - деди төрайым.

Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы жазган арызын канааттандырды. 27-августта ишти судья Чолпон Досмамбетова карады.

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок шарттарды бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган. Буга документтерди кечигип тапшыруу жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн келбегенине байланыштуу себептер негиз болгон. «Кыргызстан» партиясы БШКнын чечимине каршы сотко кайрылган.

Сот чечимине жарандык активисттер жана башка айрым партиялардын өкүлдөрү нааразы болуп, мөөнөтсүз митинг өткөрө турганын айтышты.

Кыргызстандын 120 мандаттуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG