Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:28

БШК «Кыргызстан» партиясынын документин кабыл алган жок


«Кыргызстан» партиясынын баннерлеринин бири.
«Кыргызстан» партиясынын баннерлеринин бири.

28-августта Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Кыргызстан» саясий партиясынын документтерин кабыл алган жок.

Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева «Азаттыкка» маалымдады.

Анын айтымында, БШК Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы кассациялык арыз менен кайрылууга ниеттенип жаткандыктан, мыйзам боюнча документтерди кабыл алуудан баш тартууга укугу бар.

Буга чейин БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Кыргызстан» партиясына карата Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге макул эмес экенин жана жакын арада кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрыларын маалымдаган.

Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы жазган арызын канааттандырды. 27-августта ишти судья Чолпон Досмамбетова карады.

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок шарттарды бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган. Буга документтерди кечигип тапшыруу жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн келбегенине байланыштуу себептер негиз болгон. «Кыргызстан» партиясы БШКнын чечимине каршы сотко кайрылган.

Сот чечимине жарандык активисттер жана башка айрым партиялардын өкүлдөрү нааразы болуп, мөөнөтсүз митинг өткөрө турганын айтышты.

Кыргызстандын 120 мандаттуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG