Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 16:09

Кыргызстанда коронавирус жуккандар 43898 кишиге жетти


COVID-19дун алдын алыш үчүн Орусияда иштелип чыккан вакцина. Август, 2020-жыл.

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 вирусун дагы 78 киши жугузуп алганы расмий аныкталды.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 31-августка карата тараткан маалыматы боюнча Бишкекте - 18, Ысык-Көл облусунда – 14, Баткен облусунда - 12, Жалал-Абад облусунда – 11, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 6, Талас облусунда - 2, Нарын облусунда – 4, Ош шаарында бир адамдын анализинен вирус табылды.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 43898ге жетти. Анын 38459у айыгып чыкты. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG