Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:18

БШК Турсунбай Бакир уулунун «Бүтүн Кыргызстанга» каршы жазган арызын карайт


Турсунбай Бакир уулу.
Турсунбай Бакир уулу.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу 31-августта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулунун «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесине байланыштуу жазган арызын карады.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Бакир уулу билдирди. Анын сөзүнө караганда, маселе эми Боршайкомдун жыйынында талкууланат.

«Менин бир эле талабым бар. Жалган жасалган тизмени кабыл албоо жана «Бүтүн Кыргызстандын» курултайында бекитилген талапкерлердин тизмесин алуу. Азыр Борбордук шайлоо комиссиясы ушуну карап жатат», - деди ал.

БШК Турсунбай Бакир уулунун «Бүтүн Кыргызстан» партиясына каршы арызын жалпы жыйында качан карай турганы белгисиз. Ал эми партиянын Боршайкомдогу өкүлү Мыктарбек Алымкулов Бакир уулунун дооматтарына жооп берди.

«Жыйын талапкерлердин тизмесин өзгөртө алат. Буга мыйзам жол берет. Мыйзамда талапкерлер кошулат, тизмеден чыгарылат деп жазылган. БШК маселени жалпы жыйында караганы калды, болгону ушундай чечим бар».

Турсунбай Бакир уулу 26-августта Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесине байланыштуу арызданган.

Анын сөзүнө караганда, 19-августта партиянын жыйынында парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмеси бекитилип, ал алдыңкы 15 орундукка кирген. Партиянын жыйынынан кийин 22-орунга жылып, андан соң такыр эле чыгып калган.

Мурдагы депутат бул иштин баары аны менен кеңешилбей чечилгенин жана «Бүтүн Кыргызстандын» жетекчилиги жыйында бекитилген тизмени өзгөртүп мыйзам бузганын айтып жатат.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров бул маселе боюнча комментарий берип, Турсунбай Бакир уулу партияга мүчө эмес экенин жана курултайда делегат да болбогонун билдирген.

Кыргызстанда 120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. (BTo)

XS
SM
MD
LG