Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

«Associated Press»: Кытай бийлиги Шинжаңга катаал карантин киргизди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Associated Press» агенттиги Кытай негизинен уйгур сыяктуу мусулман азчылыктары басымдуулук кылган Шинжаң-Уйгур автоном облусунда коронавирус пандемиясынан улам катаал карантин эрежелерин колдонуп жатканын жазып чыкты. Ага ылайык, жергиликтүү тургундар 40 күндөн ашык убакыт үйдөн чыкпай отурууга милдеттүү жана мындай эрежени сактабагандар камакка алуу жазага тартылат. Ошондой эле белгисиз дары-дармектерди ичүүгө, кытай салттуу медицинасынын ыкмаларын колдонууга мажбурлаган учурлар да бар.

Өкмөттүн билдирүүлөрүнө жана мамлекеттик маалымат каражаттарындагы материалдарга негизделген баяндамага ылайык, ушул тушта Шиңжаңда бери дегенде 25 миллион адамдын теңинен көбү карантинде отурат. Бээжин соңку дооматтарга байланыштуу үн ката элек.

Кытайда июль айында коронавирус боюнча апрелден берки эң чоң көрсөткүч катталган жана оорунун жаңы очогу Үрүмчү шаары болгону айтылган.

2017-жылдан бери Бээжин өзү «тарбиялоочу лагерлер» деп аталган жайларга байланыштуу эл аралык коомчулуктун дооматына кабылып келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына ылайык, ушул тушта Кытайда жалпы саны бир миллиондой уйгур жана башка мусулман азчылыктардын өкүлдөрү атайын лагерлерде эркинен тыш кармалып турат. Бээжин мындай дооматтарды четке кагып, андай жайларды «тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атайт.

XS
SM
MD
LG