4-октябрга белгиленген шайлоонун таза, калыс өтүшү шайлоочулардын өзүнөн көз каранды. Мындай пикирин вице-премьер-министр, кыргыз өкмөтүнүн парламенттик шайлоону уюштуруу штабынын башчысы Акрам Мадумаров «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасына билдирди. Вице-премьер-министр шайлоочунун паспортун мажбурлап эч ким ала албай турганын айтты:
«Паспортун бирөө келип уурдап албайт же үйүнө катып койгон жеринен келип сүрөткө тартып кетпейт. Паспортту акчага алмаштырып, ал адам өзү берип жатат. Эгер биз кийинки парламент, өкмөт таза болсун десек, өзүбүз андай жолго барбашыбыз керек. Экинчиден, ар бир шайлоочу өзү берген добушунун купуялыгы сакталышына да жоопкер. Паспортун жетекчилер басым кылып, тартып алган күндө да, добуш берүүчү кабинага киргенде ал өз чечимин өзү чыгарат».
Программанын дагы бир катышуучусу, эксперт Алмаз Кулматов шайлоодогу административдик кысымдын түрлөрү көп экенин, добуш сатып алуу менен гана чектелип жатпаганын билдирди. Анын айтымында, шайлоочуларды коркутуп-үркүтүп мажбурлоодон тышкары экономикалык жактан кысымга алып, акча таратып жатышканы да кысым болуп эсептелет.
«Андай кысымга жол бербөө - бийликтин милдети», - деди Кулматов.
«Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасынын 2-сентябрдагы чыгарылышында парламенттик шайлоого даярдык жана мыйзам бузуу маселеси талкууланды.
Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоого катышарын билдирип, БШКга кайрылган 44 саясий партиянын ичинен 16 саясий партия талапкерлери тууралуу маалыматтарды өз мөөнөтүндө тапшырган.
«Кыргызстан» саясий партиясынын документтерин БШК «мөөнөтүнөн кечикти» деген жүйө менен алуудан баш тарткан. «Кыргызстан» партиясы БШКнын чечимин сотко берген. Сот ишти партиянын пайдасына чечкен. (ZKo)