Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

Коопсуздук кеңеши: Добуш берүүдө санитардык талаптар бекем сакталууга тийиш


Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоону уюштуруу маселеси Коопсуздук кеңешинин 1-сентябрдагы жыйынында каралды.

Анда шайлоону ачык, мыйзамдуу өткөрүү, электр жана байланыш системалары менен шайлоо участокторун үзгүлтүксүз камсыз кылуу, 19-сентябрга чейин укук коргоо органдары менен кошо шайлоону өткөрүүгө жана добуш берүү күнү тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга даярдануу тапшырылды.

Чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын дипломаттык өкүлчүлүктөрүндө жайгашкан шайлоо участокторунун ишин туруктуу координациялоо, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 15-сентябрга чейин жергиликтүү бийлик, Бишкек жана Ош мэриялары менен чогуу жарандар, комиссия мүчөлөрү жана шайлоочулар оору жуктуруп албашы үчүн алдын алуу иштерди жүргүзүү тапшырылды.

25-сентябрга чейин Саламаттык сактоо министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен кошо комиссия мүчөлөрүн, байкоочуларды жана шайлоого тартылган башка адамдарды, үйүнөн добуш берүүчү шайлоочуларга баруучу комиссия мүчөлөрүн медициналык коргоо каражаттары менен камсыз кылуу милдеттендирилди. Бардык шайлоо участокторун дезинфекциялоочу каражаттар жана тепловизор менен жабдып, социалдык аралыкты, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо, шайлоо күнү бардык добуш берүү участокторун дезинфекциялоо милдети коюлду.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 17 саясий партия катышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG