Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:25

Кавасаки синдрому Кыргызстанда катталган жок


Балдардын бут кийимдери. Бала бакчалардын биринен тартылган сүрөт.
Балдардын бут кийимдери. Бала бакчалардын биринен тартылган сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда балдар арасында Кавасаки синдрому катталбаганын билдирип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2-сентябрда эксперттерден турган жумушчу топ балдар арасында коронавирус менен байланышкан мультисистемалык сезгенүү учурларына байланыштуу жыйынга чогулду.

COVID-19 илдети менен байланышкан оору балдар арасында кездешип жатканын мурдараак Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча мамлекеттик медициналык институттун педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова брифингде маалымдаган.

Учурда коронавирусту дарылоонун клиникалык протоколунун төртүнчү варианты бекитилди. Балдар арасында учурап жаткан илдетти аныктоо жана дарылоо боюнча аракеттер да ошол протоколго киргизилди.

Шүкүрова күз-кыш мезгилинде оорунун бардык түрүнө каршы күрөшүүгө даяр болуш керек экенин эскертүүдө.

Америка Кошмо Штаттарында жана Европада балдар кабылып жаткан белгисиз оорунун коронавируска байланышы бар экени айтылган. Америкалык педиатрлар бул илдеттин белгилери коркунучтуу Кавасаки оорусуна окшош экенин билдиришкен. (SE)

XS
SM
MD
LG