Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:05

IRI: Саясий партияларга ишеним аз


АКШдагы Эл аралык институту кыргызстандыктардын арасында саясий, социалдык-экономикалык жагдай боюнча сурамжылоо жүргүзгөн.

Институт тараткан маалыматка ылайык, август айында сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү «Шайлоодо кайсы партияга добуш бересиз?» деген суроого «баарына каршы» деп жооп берген. «Шайлоого барасызбы?» деген суроого катышуучулардын 77% «барам» деп жооп берген.

Мындан тышкары «Сизде кайсы бир саясий партияга, лидерге же саясатчыга ишеним кайдан пайда болот?» деген суроого 19% өздөрү сыйлаган адамдардын таасиринен улам пайда болорун айтышкан. 17% саясатчылардын өздөрү аркылуу, соцтармактар аркылуу ишенип, таасирленерин 12% респондент билдирген. 9% карантиндик чектөөлөр учурунда тамак-аш тараткан партияларга ишенерин билдирген.

Сурамжылоо АКШнын эл аралык каржылоо агенттигинин колдоосу менен Кыргызстандын жети облусунан жана эки шаарынан жүргүзүлгөн.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 3-сентябрга карата төрт саясий партияны талапкер катары каттады. Дагы 13 партиянын тиешелүү документтери кабыл алынган.

Башында шайлоого катышуу ниети менен БШКга 44 саясий партия кабыл алынган. Алардын ичинен 17си гана талапкерлери тууралуу маалыматтарды жана башка тийиштүү документтерди Боршайкомго өткөрүүгө жетишкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG