Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:21

Жогорку Кеңеш Евразия өнүктүрүү банкынан 100 млн. доллар насыя алууну жактырды


АКШ доллары.
АКШ доллары.

Парламент 3-сентябрындагы жыйынында «Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19 пандемиясынын шарттарында бюджетти колдош үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансылык насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоорун үч окууда жактырды. Катталган 75 депутат бир добуштан колдоп добуш берди.

Жогорку Кеңеште мыйзамды коргогон финансы министринин орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегин макулдашууга 2020-жылдын 11-августунда кол коюлганын, анын алкагында Кыргызстан 100 млн. доллар насыя аларын кабарлады.

Абдыбалы тегин ошондой эле кыргыз өкмөтү сырттан жалпы 773 млн. доллар акча сураганын, анын 597 млн. доллары насыя.

3-сентябрда өкмөттүн аппараты да эл аралык финансы институттарынан алынган чет элдик тышкы жардам тууралуу маалымат таратып, COVID-19 пандемиясы башталган учурдан тартып ушул күнгө чейин эл аралык донорлордон 334 миллион АКШ доллары келип түшкөнүн маалымдады. Анын ичинен 205 млн. АКШ доллары колдонулду.

Каражаттар пандемияга каршы күрөшүү боюнча чыгымдарга, карантин маалында калктын аярлуу катмарына азык-түлүк сатып алыш үчүн, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында буудай сатып алыш үчүн жумшалды. Каражаттын бир бөлүгү социалдык төлөмдөрдү, пенсия, айлык акы, жөлөк пул ж.б. төлөөгө пайдаланылды. Калган 129 млн. доллары Улуттук банктын эсебинде. (ErN)

XS
SM
MD
LG