Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:01

Берлинде Хангошвилинин өлүмүнө шектүүнүн соту 7-октябрда башталат


Зелимхан Хангошвили.

Берлин округдук соту киши колдуу болгон чечен улутундагы грузин жараны Зелимхан Хангошвилинин өлүмү үчүн шектүү катары кармалган орусиялык жарандын ишин 7-октябрдан тартып карай баштайт.

Кезинде чечен жикчилдеринин командири болгон, кийин Грузиянын коопсуздук органдары менен кызматташкан 40 жаштагы Зелимхан Хангошвилини былтыр 23-августта Берлинде өлтүрүп кетишкен. Кылмыш боюнча шектүү катары Вадим Соколов аттуу адамдын паспортун алып жүргөн орус жараны кармалган. Кийинчерээк ал кишинин чыныгы аты-жөнү Вадим Красиков экени маалым болгон.

«Bellingcat» иликтөөчүлөр тобу Хангошвилинин өлүмүн Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы уюштуруп, ишке ашырган деген тыянакка келген. Орус президенти Владимир Путин Хангошвилини «мыкаачы, канкор» деп сыпаттап, ал издөөдө болгонун, бирок Москва аны өлтүрүүгө катышпаганын айткан.

Немис прокурорлору да Хангошвилинин көзүн тазалоого орус өкмөтү буйрук бергенин билдирген. Берлин эгер бул бүтүм ырасталса анын кесепети болорун эскерткен. Орус бийлиги дооматты четке каккан.

Хангошвили үй-бүлөсү менен Германияга көчүп келгенге чейин Грузияда Ички иштер министрлигинин террорго каршы бөлүмүндө иштеген жана 2012-жылы Лопото капчыгайындагы жоочуларга каршы атайын операцияга катышкан.

XS
SM
MD
LG