Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-ноябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 09:40

Ашхабадда COVID-19дун симптомдору бар бейтаптар көбөйдү


Ашхабад шаары. 15-июль, 2020-жыл.

Түркмөнстанда COVID-19дун симптомдору байкалган бейтаптардын катары калыңдап, ооруканалар толуп калганы кабарланууда. «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы билдиргендей, баш калаа Ашхабадда соңку үч аптадан бери эпидемиологиялык абал начарлап, COVID-19га окшош оорудан кайтыш болгон адамдар көбөйдү.

Бул маалыматты атын атын атагысы келбеген дарыгерлер да ырасташкан. Алардын айтымында, дарыгерлер карантин аймактарында эки жума тынымсыз иштөөгө, жеке коргонуу каражаттарынын өз чөнтөгүнөн сатып алууга аргасыз болуп жатышат. Айрым медайымдар карантин аймактарынан бир нече айдан бери чыкпай иштеп жатышканын «Азаттыктын» түркмөн кызматына айтып беришкен.

Мындай кабарларга карабастан Гурбангулы Бердымухамедов башында турган түркмөн бийлиги өлкөдө коронавирус жок экенин билдирип келет. 7-августта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түркмөнстанда пневмонияга чалдыккан адамдар көбөйүп жатканына тынчсыздануусун билдирип, түркмөн бийлигин көз каранды эмес тараптарга өлкө ичинде калкты тесттен өткөрүүгө уруксат берүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG