Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 17:09

Коронавируска каршы күрөштөгү коррупция фактылары сотко чейинки териштирүүгө алынды


Коронавируска каршы күрөшүүдө зарыл болгон медициналык жабдуулар. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус инфекциясы менен күрөш боюнча республикалык штабдын жана Саламаттык сактоо министрлигинин айрым кызмат адамдарынын шалаакылыгына байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Мындан тышкары Финполиция дары саткан фармацевтикалык ишканалардын кызыкчылыгын жана мамлекеттик келишимдер үчүн зыяндуу корутундуларды көз көрүнөө эле жактоодогу коррупциялык иш-аракеттер жана мамлекетке ири же өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген мамлекеттик сатып алуу иштери боюнча сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчылыгы кабарлады.

Катчылык коронавируска каршы күрөштөгү коррупция, шалаакылык боюнча колунда бар маалыматтары менен бөлүшүүнү бардык жарандардан, эксперттерден жана жарандык коомдон өтүнүүдө. Ага ылайык, алынган маалыматтар терең иликтенип, талданат жана Коопсуздук кеңешинин кийинки жыйынына чыгарылат.

Июль айынын башында Кыргызстанда дары-дармек кымбаттап, айрымдары таптакыр табылбай калган. Көпчүлүк адамдар канды суюлтуучу антикоагулянттарга, антибиотиктерге жана вируска каршы дарыларга муктаж болушкан. Финансы полициясы дары-дармектерди кымбат саткан дарыканалар жоопко тартыларын эскертип, айрымдары кармалганын кабарлаган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG