Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы коронавирустун жайылуу себептерин иликтейт


Бишкектеги спорт комплексинде ачылган күндүзгү стационар. Август, 2020-жыл.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Кыргызстандын аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышына алып келген себептер менен шарттарды иликтей баштады.

Катчылык тараткан маалыматка ылайык, январь айында Коопсуздук кеңеши COVID-19 инфекциясынын жайылышына жол бербеш үчүн жугуу очокторун чектеп токтотууну тапшырган. Мындан тышкары январдан июлга чейин өлкөнүн экономикасы кептелип жаткан коркунучтарды жоюу максатында сегиз жолу жыйын өткөрүлүп, тийиштүү жетекчилерге сунуштамалар берилген. Ушул тапта Коопсуздук кеңешинин катчылыгы отурумдардын чечимдеринин аткарылышын, ошондой эле ага жоопкер болгон мамлекеттик органдардын ишин иликтөөдө.

Маалыматта айтылгандай, Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимдердин канчалык деңгээлде ишке ашырылганына да туруктуу мониторинг жүргүзүлүп жатат. Катчылык коронавирустун жайылышына мүмкүндүк берген шарттар менен себептерге, өлүм-житимге алып келген жагдайларга талдоо жүргүзүүдө. Анын ичинде мамлекеттик органдардын, саламаттык сактоо уюмдарынын элге медициналык тез жардам көрсөтүүгө даяр болбогонун иликтеп жатат. Анын жыйынтыгы Коопсуздук кеңешинин жыйынына чыгарылат.

Кыргызстанда COVID-19 вирусу жуккан алгачкы үч адам 18-мартта катталган. Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө ооруга 44227 адам чалдыкты. Алардын ичинен 39 426 адам айыгып чыкты. Бул убакка чейин 1061 адам илдеттен кайтыш болду. Коронавирус менен пневмониядан каза болгон адамдардын көпчүлүгү июнь-июль айларына туура келет.

Коронавирус инфекциясы күч алып кеткенде Кыргызстанда ооруканаларда орун, дарыканаларда дары жетишпей калган. Ыктыярчылардын демилгеси менен шаарларда жана айылдарда күндүзгү стационарлар ачылган.

Бүгүнкү күнү алардын көпчүлүгү жабылды. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG