Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:17

«Талибан» кыймылынын делегациясы Катарга барды


Сухайл Шахин.
Сухайл Шахин.

«Талибан» кыймылынын өкүлдөрү Ооганстандагы тынчтыкты калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Катарга барышты. Көптөн бери артка жылып келе жаткан сүйлөшүүлөр ушул күндөрү башталышы күтүлүп жатат.

Бул тууралуу кыймылдын басма сөз катчысы Сухайл Шахин 5-сентябрда AFP агенттигине билдирди. «Биздин топтун сүйлөшүүлөргө катыша турган бардык өкүлдөрү Дохага жетти. Сүйлөшүүлөр айрым техникалык маселелер чечилгенден кийин башталат», - деди Шахин.

Кабулда Улуттук элдешүү боюнча жогорку кеңештин басма сөз катчысы Фарайдун Хавзун ооган өкмөтү да талибдер менен түз сүйлөшүүнү баштоого даяр экенин айтты.

«Камактагыларды бошотуу жараяны аяктады. Сүйлөшүүлөрдү создуктуруунун кажети жок. Бирок талибдер ага катышууга дагы эле даяр эмес», деп жазды Хавзун 5-сентябрда «Твиттердеги» баракчасына.

Ооган өкмөтү менен талибдердин ортосундагы сүйлөшүү АКШнын ортомчулугу менен жүргүзүлөт. Жараян АКШ менен «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү февралда кол койгон келишимге ылайык ишке ашууга тийиш.

Макулдашууга чейин талибдер Ооганстандын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдөн баш тартып келген. Алгач март айына белгиленген сүйлөшүүлөр өлкөдө уланган зомбулук жана камактагыларды бошотуу боюнча пикир келишпестиктен улам бир нече жолу болбой калган.

XS
SM
MD
LG