Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:12

Саудиянын падышасы менен АКШ президенти «Чоң жыйырманын» ишин талкуулашты


«Чоң жыйырманын» Аргентинадагы саммитин утурлай илинген желек. Буэнос-Айрес. 28-ноябрь, 2018-жыл.
«Чоң жыйырманын» Аргентинадагы саммитин утурлай илинген желек. Буэнос-Айрес. 28-ноябрь, 2018-жыл.

Сауд Арабиясынын падышасы Салман Азиз менен АКШнын президенти Дональд Трамп 6-сентябрда телефон аркылуу сүйлөшүүдө мындан тышкары Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу да сөз кылышты.

SPA агенттигинин маалыматына караганда, тараптардын сүйлөшүүсүндө коронавирус пандемиясынын кесепеттерин азайтуу боюнча уюштурулган иштер тууралуу да сөз болгон.

Салман Азиз «Чоң жыйырмага» төрагалык кылган мезгилинде пандемиянын эддин жашоосуна жана экономикасына тийгизген терс таасирин азайтууну колдоорун жана бул багытта бардык күч-аракетин жумшаарын билдирди. Ал АКШ президентине Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды турукташтыруу аракети үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Чоң жыйырманын» курамына эң өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан 19 өлкө жана Европа Биримдиги кирет. Аларга дүйнө экономикасынын жалпы өндүрүшүнүн 90% таандык.

XS
SM
MD
LG