Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Майкл Коэн: Трамп Путиндин башкаруучулук жөндөмүнө суктанат


Майкл Коэн үч жылга түрмөгө кесилген.
Майкл Коэн үч жылга түрмөгө кесилген.

АКШда президент Дональд Трамптын мурдагы адвокаты Майкл Коэн жаңы китебинде Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинге суктанарын жазган. Тактап айтканда, анын «Жалпыга маалымдоо каражаттарынан тартып финансылык мекемелерге чейин, бүтүндөй өлкөнү бир уюм сымал башкарып-көзөмөлдөгөн жөндөмүнө тамшанат», деп билдирген.

Коэндин «Disloyal: A Memoir» («Саткын: Мемуар») деген китеби 8-сентябрда жарык көрөт. «Washington Post», CNN баштаган бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары китептин үзүндүлөрүн 5-сентябрда жарыялашты.

Трамп менен узак убакыт бою иштешкен Коэн АКШнын президентин буга чейин «алдамчы, шылуун» деп айыптап, ксенофобия жана адилетсиздик боюнча сын-доомат айтып келген жана бул тууралуу китебинде да жазган. Ошондой эле убагында Трампка өтө берилгенин, азыр болсо анын ноябрдагы президенттик шайлоодон кийин Ак үйгө кайра кайтып келишине каршы экенин белгилеген.

Трамп мурдагы адвокатынын китебине байланыштуу азырынча үн ката элек.

Ак үйдүн жогорку даражалуу өкүлү Коэндин жазгандарын төгүнгө чыгарды жана соңку президенттик шайлоодо Трамптын штабы менен Москванын «тымызын байланышы» тууралуу бир катар дооматтар ырасталбаганын белгиледи.

53 жаштагы Майкл Коэн 2018-жылдын аягында «салык төлөөдөн качкан, шайлоо өнөктүгүн каржылоо мыйзамын бузган жана Конгресске жалган маалымат берген» деп айыпталып, үч жылга түрмөгө кесилген.

XS
SM
MD
LG