Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Өзбекстан менен аба каттамдары 15-сентябрдан тартып жанданышы күтүлүүдө


«Манас» эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.
«Манас» эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Курманбек Акышевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, учурда бул маселе боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүү жүрүп жатат.

«Буюрса, 15-сентябрдан тартып Өзбекстан менен аба каттамдары жанданат. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деди Курманбек Акышев.

Анын маалыматына караганда, аба каттамдарын жандантуу маселеси боюнча сүйлөшүү Казакстан менен да жүрүп жатат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда учак каттамдарынан тышкары автобустар да каттайт. Бишкек-Ташкент, Ош-Анжиян автобус каттамдары 2017-жылы чек аралар ачылгандан кийин жанданган.

2005-жылкы Анжиян окуясынан кийин Өзбекстан чек арасын бир тараптуу жаап, андан өтүү бир топ татаалдашкан эле. (SE/ZKo)

XS
SM
MD
LG