«Чоң жетинин» тышкы иштер министрлери орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын ууландырылышын сынга алышты жана орус бийлигинен бул «жийиркеничтүү кылмыштын» артында тургандарды табууну талап кылышты.
Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония, Британия жана АКШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери жана Евробиримдиктин башкы дипломаты мындай талап менен 8-сентябрда биргелешкен билдирүү жасашты.
44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн жаман сезе баштаган. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген.
Берлин Кремлди сындап келген саясатчы анын «көзүн тазалаш үчүн» нервди шал кыла турган зат менен ууландырылганын жарыялаган. Москва болсо мындай шашылыш тыянак чыгарбай турууга чакырган.