Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Чүйдө каналга түшүп кеткен машиненин жүргүнчүлөрү изделип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө куткаруучулар каналга түшүп кеткен машиненин жүргүнчүлөрүн издеп жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлагандай, окуя 8-сентябрда Аламүдүн районунда болгон.

Саат кечки тогуз чамасында Дачное айылындагы каналга «Nissan Cefiro» үлгүсүндөгү автоунаа түшүп кеткен. Ичинде бир аял, бир эркек киши болгон.

Издөө иштерине ӨКМдин №1 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн адистери тартылды.

Кыргызстанда 2019-жылы 148 адам сууга чөгүп кеткен (107си жайкы сезондо), алардын 25и 12 жашка чыга электер болчу. (RK)

 

XS
SM
MD
LG