Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Баткенде ири өлчөмдөгү баңгизат кармалды


Героин. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунда тажикстандык жарандан 2,6 килограмм героин алынды. Баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга каршы күрөш кызматы кабарлагандай, Тажикстандын 38 жаштагы жаранынын автоунаасынан ак түстөгү күкүм табылган. Соттук-химиялык экспертиза анын героин экенин аныктаган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Маалыматта баңгизат качан алынганы тууралуу айтылган эмес. (ZKo)

XS
SM
MD
LG