Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Азербайжанда оппозиция мүчөсүн бошотууну талап кылган акция болду


Багудагы акция. 9-сентбрь, 2020-жыл.
Багудагы акция. 9-сентбрь, 2020-жыл.

9-cентябрда Бакуда оппозициядагы «Мусават» партиясынын активисти Тофик Ягублунун бошотулушун талап кылган акция өттү. Ага ондогон адам катышып, 30дан ашуун кишини полиция кармап кетти. Алардын арасында белгилүү активисттер да бар.

Ягублу жазында бейбаштык үчүн айыпталып, үч айга камалган. Оппозиционер машинесин сүзгөндөр менен чатакташа кеткен. Бирок кызы мунун баарын атайын уюштурулган чагым деп эсептейт.

3-сентябрда сот Ягублуну төрт жыл, үч айга кести. Соттун чечимине каршылык билдирген оппозиционер мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады.

Ягублуга тилектештик билдирип Берлинде азербайжандык бир нече журналист менен активисттер немис канцлери Ангела Меркелдин кеңсенинин алдына акцияга чыгып, ачкачылык жарыялашты.

Буга чейин «Amnesty International» укук коргоо уюму Ягублуну абийир туткуну деп таанып, анын соттолушу «азери бийлигинин эркин ой билдирүүнү жана саясий оппозициянын оозун басуунун дагы бир мисалы» экенин белгилеген.

XS
SM
MD
LG