Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

БШК «Бүтүн Кыргызстан» боюнча Жогорку сотко арыз бербейт


Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын иши боюнча Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге каршы Жогорку сотко арызданбайт. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова партиянын айланасындагы маселе тууралуу комментарий берип жатып айтты.

«Шайлоо процесси кызуу фазасында экенин жана бардык саясий партияларга бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүү зарылчылыгын эске алып, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көбү Жогорку сотко арыздануудан баш тартып, «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоону чечти», - деди төрайым.

9-сентябрда Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы арызын канааттандырган. Боршайком 3-сентябрдагы жыйынында партия өз талапкерлерин аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттоодон баш тарткан. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген.

БШК 25-августта да «Кыргызстан» партиясы документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен партиянын документтерин артка кайтарган. «Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылып, утуп алган. БШК кассациялык арыз менен Жогорку сотко арызданып, ал жакта да партиянын пайдасына чечим чыккан.

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышын шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 саясий партия катышып жатат. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган. 9-сентябрда БШКда партиялардын шайлоо бюллетениндеги жайгашуу ирети аныкталды. (BTo)

XS
SM
MD
LG