Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:05

Өзбекстанда мектептер 14-сентябрдан тартып ачылат


Өзбекстандагы мектеп. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзбекстандагы мектеп. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Билим берүү министрлиги быйылкы жаңы окуу жылы 14-сентябрда башталарын, өлкөнүн бардык аймактарында мектептерде салттуу окутуу уланышы ыктымал экенин жарыялады.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, окуучуларды салттуу түрдө окутуу үчүн мектептин даярдыгы тууралуу жергиликтүү кеңештин чечими керек. Мындан тышкары мектептеги абал санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берип, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун корутундусу болууга тийиш.

Мектептерде атайын даярдыктан өткөн «Чыпка – COVID-19» деп аталган топтор жана кеминде эки атайын медициналык бөлмө болушу керек. Чыпка тобуна медайым, санитар, милиционер жана Улуттук гвардиянын офицери кирет. Мугалимдердин маалыматына караганда, жетекчилер аларды чыпка топторун түзүүгө мажбурлашкан.

Расмий маалыматтарга караганда, 10-сентябрга карата Өзбекстанда коронавирус оорусуна 45473 адам чалдыккан. Илдеттен 370 адам көз жумду. 42509 адам вирустан айыкты.

XS
SM
MD
LG