Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

COVID-19 дагы 67 кишиден аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 12-сентябрга карата коронавирус дагы 67 кишиден аныкталды. Каза болгондор жок. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы катталган 67 адамдын көбү Бишкек шаарында – 20 адам. Жалал-Абадда 14, Ош облусунда он, Баткенде тогуз, Ысык-Көлдө жети, Чүйдө жана Нарында үчтөн, Таласта бир адамдан вирус табылды.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44828 адамга жукту, алардын 40 779у айыкты, 1063 бейтап каза болду.

Азыр COVID-19 илдетине чалдыккан 517 бейтап ооруканаларда, 2054 бейтап үйүндө дарыланууда.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтогон, бирок жапырт иш-чараларга чектөөлөр бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG