Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Катарда «Талибан» менен Кабул ортосунда тарыхый сүйлөшүүлөр башталды


Талиб туткундарын бошотуу - тынчтык келишиминин бир талабы. Сентябрь, 2020-жыл.
Талиб туткундарын бошотуу - тынчтык келишиминин бир талабы. Сентябрь, 2020-жыл.

Катардын баш калаасы Дохада «Талибан» кыймылы менен расмий Кабулдун өкүлдөрүнүн ортосунда Ооганстанда 19 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотууга багытталган сүйлөшүүлөр башталды.

Тарыхый жараян салтанаттуу азем менен ачылды. Ага Ооганстан өкмөтүнүн, Кошмо Штаттардын расмий өкүлдөрү жана «Талибан» кыймылынын жетекчилери катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бен Абдулрахман Аль-Тани «жатташкан тараптар бир чечимге келип, жеңүүчүсү жана жеңилгени жок тынчтык келишимге жетиши зарыл» экенин белгиледи. Ал эми оогандардын сүйлөшүүгө катыша турган тобун жетектеп барган Абдулла Абдулла «бул күн өлкө тарыхына согуштун жана элибиз туш болгон кыйынчылыктар аяктаган күн катары кирет» деп билдирди.

Быйыл февраль айында АКШ «Талибан» менен дээрлик 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу максатында тынчтык келишимине кол койгон. Документте Кабул менен талибдер туткундарды айырбаштагандан кийин сүйлөшүүлөр башталары айтылган.

Ооган бийлиги февралдагы келишимдин шарты боюнча беш миңдей талиб туткунун бошотту. «Талибан» миң туткунду, анын ичинде өкмөт кызматкерлерин жана коопсуздук аскерлерин коё бергенин билдирип келатат.

Ошондой эле макулдашуудагы башкы шарттардын бири катары америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгарып кетүү каралган.

XS
SM
MD
LG