Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Жээнбеков: Партия тизмелери идеялык негизде түзүлбөй жатат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-сентябрда КТРКнын “Биринчи радиосу” менен маегинде алдыдагы шайлоо жөнүндө суроого жооп берди. Президент өлкөдө парламенттик башкарууну өнүктүрүү үчүн партиялык система калыптанышы керектигин айтты. Жээнбеков партиялар мыйзамды сактап, саясий айдыңда үлгү болушу керектигин белгиледи.

“Партиялык тизмелер көбүнчөсү идеялык эмес, айрым учурда каржылык же болбосо тигил же бул инсандын коомдогу ордуна байланыштуу түзүлүп жатат. Муну эч ким жокко чыгара албайт. Бул эми азыркы табигый көрүнүш. Кечээ же бүгүн чыгып калган жок. Мен жогоруда бекеринен айткан жокмун. Өлкөдөгү саясий маданиятты, парламенттик демократияны, партиялык системаны калыптандыруу жоопкерчилиги, биринчи кезекте, партиялардын өзүндө. Мыйзамды кынтыксыз аткарыш керек”, - деди президент.

Ал алдыдагы шайлоо парламенттик демократиянын калыпташына салым кошорун, бийлик баарына бирдей шарт түзүп, акыйкат жарыш болорун кошумчалады.

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан бери жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG