Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 11:37

Орусияда мавзолей долбооруна сынак жарыяланды


Москвадагы Лениндин мавзолейи.

Орусиянын Архитекторлор союзу Владимир Лениндин сөөгү камтылбай турган мавзолейдин концепциясына сынак жарыялады. Мындай сынакты өткөрүү чечими август айынын аягында кабыл алынган, жоболору иштелип чыгып, 11-сентябрда жарыяланды. Сынактын жыйынтыгы 11-13-ноябрда өтүүчү “Устачылык” фестивалында чыгарылат.

Сынакка орусиялыктар гана эмес, КМШ мамлекеттеринин жарандары дагы катыша алат. Аларга келечектеги мавзолейдин долбоорун түзүү сунушталды. Уюштуруучулардын билдирүүсүндө, мавзолейде Лениндин сөөгү жатканы тарыхты эскерүүнүн азыркы талаптарына туура келбейт жана орус православ динин бузууга жатат деп айтылат. Мавзолей имараты Кремль менен кошо ЮНЕСКОнун тизмесине кирген.

Лениндин бальзамдалган сөөгү ал көз жумган 1924-жылдан бери кыска тыныгууларды эске албаганда Кызыл аянттагы мавзолейде турат. Буга чейин Лениндин сөөгүн жерге берүү демилеси көтөрүлгөн.

1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин аны уюштуруп, жетектеген Ленин Советтик Орусиянын Эл комиссарлар кеңеши - өкмөтүнүн башына келген. Бул кызматты 1924-жылы көзү өткөнгө чейин жетектеген. 1922-жылы Советтер Союзу негизделген. 1991-жылы ыдыраган СССРдин курамына 15 союздук республика, анын ичинде Кыргызстан да кирген.

XS
SM
MD
LG