Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-сентябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 17:30

БШК мүчөсү «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүү маселесин кароону сунуш кылды


Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова шайлоо мекемесине «Кыргызстан» саясий партиясынын жоопкерчилигин жана аны парламенттик шайлоодон четтетүү маселесин кароону сунуш кылды. Бул сунушун ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Буга Жогорку Кеңештин спикери, аталган партиянын тизмесинде шайлоого аттанган Дастанбек Жумабековдун жаш энеге 50 миң сом сүйүнчү бергени тууралуу маалымат негиз болгон. Абдырахматова Жумабеков кызматтык макамынан пайдаланып, шайлоо мыйзамынын эрежелерин бузган деп эсептейт.

«Сунушум - бул иш БШКнын 15-сентябрдагы саат 16:00дө өтө турган жыйынында каралууга тийиш», - деди ал «Азаттыкка».

Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары жумушчу сапар менен барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген. Алгач бул каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып, кийин үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгени расмий кабарланган.

Спикердин басма сөз катчысы Жоомарт Максатбеков окуяга мындай түшүндүрмө берди:

«Ал жаңы төрага келгенге чейин Жогорку Кеңештин төрагасы бойдон кала берет жана кызматын аркалай берет. Уулдуу болгон келин баласына спикердин атын койгон экен. Ошого акчалай жардам көрсөттү. Бул жагын юристтер менен талкуулап көрөлү».

Төраганын фонду - мамлекеттик каражат. Шайлоо эрежесине ылайык, талапкер үгүт маалында мамлекеттик каражатты колдонсо административдик ресурсту пайдаланган болот. Чөнтөгүнөн акча берсе - шайлоочуну сатып алуу болот.

Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Үгүт иши 4-сентябрда башталган. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (17)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG