Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

«YouTube» видеохостингинин «TikTok» сыяктуу кыска видеолор кызматы иштей баштады


«YouTube» видеохостинги «YouTube Shorts» деп аталган кыска видеолор кызматын ишке киргизди. Колдонуучулар 15 секундалык видео тартып, аудиокампадан керектүү музыка кошуп, сайтка чыгарса болот. Бул кызмат Кытайдын «TikTok» тиркемесине атаандаш болору күтүлүүдө.

Сыноо мөөнөтүндө «YouTube Shorts» Индияда иштейт. Июнда бул мамлекеттин бийлиги «TiKTok» жана Кытайда иштелип чыккан 50дөн ашуун тиркемени блоктоп койгон.

Жаңы кызмат «Android» операциондук системасында жеткиликтүү. Кийинчерээк «iOS» операциондук системасына да кошулат.

«YouTube Shorts» АКШнын «TikTok» ээси менен мамилеси чыңалып турган учурда ишке берилди. Вашингтон «TikTok» колдонуучулардын жеке маалыматтарын Кытайга тапшырат деп күмөн санайт. «TikTok» өкүлдөрү муну четке каккан.

6-августта АКШ президенти Дональд Трамп эгер америкалык компанияга сатылбаса, «TikTok» тиркемесинин ишин өлкө аймагында токтотуу тууралуу жарлык чыгарган. «The Wall Street Journal» жеке булактарына таянып, 14-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, «Oracle» компаниясы «TikTok» соодасында жеңип, өнөктөш болду.

«TikTok» бизнесин сатып алууну «Microsoft Corp», «Walmart Inc», «Twitter Inc» да көздөшкөн.

XS
SM
MD
LG