Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

Шайлоо-2020: Ошто кошумча 10 шайлоо тилкеси ачылууда


Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөрүш үчүн 2474 шайлоо тилкеси даярдалууда. Анын 44ү чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн башка өлкөлөрдө болот.

Ош шаарында эле кошумча 10 шайлоо участогу болот. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов муну ички миграциянын күчөгөнү менен байланыштырды.

Бишкек шаарында мындай муктаждык жок. Мурда баш калаада кошумча 32 шайлоо тилкеси ачылган. Ал участоктор 2020-жылдын январь-февраль айларында негизги тизмеге киргизилген.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ар бир добуш берүүчү тилкеде шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек. Кошумча участокторго жарандар №2 форма деген документ менен катталат. Оппозициячыл саясатчылар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү бул жол менен бийликчил партиялар адамдардын дарегин алмаштырып, добуш топтоонун амалын көрүп жатканын билдирип келатышат.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. БШК добуш берүүгө укуктуу 3 465 415 жарандын тизмесин тактаган.

№2 форма деп аталган документ 2011-жылдагы президенттик шайлоодон баштап колдонула баштаган. (SE)

XS
SM
MD
LG