Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:55

Жээнбеков: Коррупциялык көп схема ачылды, мыйзамсыз байыгандарга аёо жана кечирим болбойт


Президент Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда жемкорлукка каршы күрөштүн алкагында көптөгөн коррупциялык схемалар ачылып, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндө кылмыштуу бүтүндөй топтордун ишине бөгөт коюлду деп эсептейт. Бул тууралуу президент 17-сентябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

Президент мамлекеттик сатып алуу, фискалдык, сот, укук тартибин коргоо органдарында, лицензиялык-уруксат берүү мекемелеринде, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндө коррупциялашкан топторго бөгөт коюлганын, айрымдар кызматтан бошотулуп, жогорку деңгээлдеги бир нече жетекчи жоопко тартылганын, кээ бирлерине кылмыш жазасы берилгенин кошумчалады.

Жээнбеков «коррупцияга каршы элдешкис күрөш уланат» деп белгилеп, 2018-жылдан бери коррупциялык жана кызматтык кылмыш боюнча мамлекетке келтирилген зыян 13,6 млрд сомду түзгөнүн, анын ичинен мамлекеттин пайдасына беш млрд. 827 млн. сом өндүрүлгөндүгүн, бул багыттагы ишти күчөтүү керек экенин билдирди.

Президент мамлекеттик бюджетти талап-тоногондорго, өзүнүн кызмат ордун пайдаланып мыйзамсыз байыгандарга эч кандай аёо жана кечирим болбой турганын да айтты.

Жээнбеков бүгүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат.

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарганадай, жыйында эки маселе - укук тартибин коргоо органдарынын республикадагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча иштеринин жыйынтыгы, ошондой эле 2021-2024-жылдарга карата коррупцияга каршы күрөш жана анын алдын алуу боюнча жаңы мамлекеттик стратегиянын долбоору каралууда.

Быйыл коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу. «Transparency International» уюму Кыргызстанда экономикалык бюрократия, саясий жемкорлук, трайбализм экономикалык өнүгүүгө жолтоо болууда деп эсептейт.

Коомчулукта өлкө жетекчилигинин жемкорлукка каршы күрөш тууралуу айткандары ишке ашпай жатканы жөнүндө пикирлер айтылып келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG