Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-октябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 08:01

Беларус оппозициясынын лидери Тихановская БУУда кайрылуу жасайт


Светлана Тихановская. 8-сентябрь, 2020-жыл.

18-сентябрда беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешинде видеокайрылуу жасайт. Евробиримдик Беларустагы митингдерди күч менен басууда көрсөтүлгөн бийликтин зордук-зомбулугун талкуулаш үчүн чукул жыйын өткөрүүнү сунуш кылган. Ошондой эле шаркеттин жетекчилери БУУнун Адам укуктары боюнча комиссары Мишел Бачелетти Беларустагы кырдаалга кылдат көз салууга чакырышты.

Ушул тапта Литвада жүргөн Тихановская 17-сентябрда билдиргендей, оппозиция жана укук коргоо уюмдары демонстранттарга зомбулук көрсөткөн коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрүнүн жана тиешелүү аткаминерлердин аты-жөнүн жарыялоого даярданып жатышат. Тихановская тизме 10-сентябрда ОМОН тарабынан өлтүрүлдү деп эсептелген биринчи демонстрант Александр Тарайковскийдин атынан аталышы мүмкүн экенин айтты. Ал тизме АКШга, Евробиримдикке жана башка мамлекеттерге берилери маалым болду. Вашингтон менен Брюссел 9-августта өткөн шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жана митингдерди күч менен басууга тиешеси бар беларус аткинерлерине санкция салууну көздөп жатат.

Беларус президенти Александр Лукашенко АКШны, Борбордук жана Чыгыш Европадагы айрым өлкөлөрдү жана Украинаны «Беларусту жок кылуу боюнча сценарий даярдап, ишке ашырууга аракет кылган» деп айыптап чыкты.

Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өтүп, анда Александр Лукашенко жеңүүчү деп табылган. Добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай, Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган элдин демонстрациялары ошондон бери токтобой келатат.

XS
SM
MD
LG