Грекиядагы Лесбос аралынын полициясы күйүп кеткен "Мория" лагериндеги мигранттарды Кара-Тепе деп аталган чатырлардан турган шаарчага көчүрүп жатат. 18-сентябрда 12 миңдей мигранттын беш миңдейи жаңы конушка көчүрүлдү. Алардын баарынан коронавируска анализ алынат. Бир күндө эле 135 адамдан вирус аныкталган. Алар убактылуу башкалардан обочо жашай турганы кабарланды. 9-сентябрда лагерь өрттөнүп кеткенден кийин мигранттар бир аптадан ашуун ачык асман алдында түнөөгө аргасыз болушту.
Мория качкындар лагеринде 70тен ашуун мамлекеттин жарандары бар болчу. Алардын көпчүлүгү оогандыктар. Өрттөн кийин Германия качкын макамына ээ болгон бир жарым миңдей жаранды кабыл алууга макул болгон. Ошондой эле Евробиримдик мамлекеттери лагердеги 400дөй баланы бөлүштүрүп алууну макулдашкан.
Мигранттардын көпчүлүгү жаңы шаарчага баарууну каалабай турганын, Германияга кетүүнү көздөгөнүн айтышкан.
Өрт лагердеги коронавируска чалдыккан 35 адамды бийлик карантинге алууга аракет кылганда башталган.