Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

БУУ Беларустагы кырдаалга байланыштуу резолюция кабыл алды


БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишель Бачелет. Женева. 14-сентябрь, 2020-жыл.
БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишель Бачелет. Женева. 14-сентябрь, 2020-жыл.

Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши Беларустагы демонстрациялар маалында адам укуктары бузулган жагдайларды кылдат иликтөө боюнча Евробиримдик сунуштаган резолюцияны 18-сентябрда кабыл алды. Женевада өткөн жыйынга 47 мамлекет катышып, алардын 23ү документти колдоп, экөө каршы чыкты. 22 мамлекет добуш берген жок.

Орусия добуш берүү укугуна ээ болбогондуктан, резолюцияга 17 өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Алардын бири да колдоо таппады.

БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишель Бачелетке Беларустагы кырдаалга кылдат көз салып, жыл соңуна чейин өз сунуштарын берүү боюнча ыйгарым укуктары тапшырылды.

Жыйындагыларга видеобайланыш аркылуу кайрылган беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская Беларус бийлигин демонстранттарга зомбулук көрсөтүүнү токтотууга, жаңы эркин жана адилеттүү президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды.

«Мен дагы бир ирет биз бийлик менен сүйлөшүүгө жана өлкөбүздөгү кризисти чечүүнүн тынчтык жолун издөөгө даяр экенибизди баса белгилегим келет», - деди Тихановская.

Беларуста 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенконун жеңгени расмий жарыяланган. Добуш берүүнүн жыйынтыгын таануудан баш тарткан оппозициянын тарапташтары ошондон бери каршылык акцияларына чыгып келет.

Күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жүздөгөн демонстранттарды камап, аларды кыйноого алганы маалым болгон.

XS
SM
MD
LG