Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Коронавирус дагы тогуз медициналык кызматкерден аныкталды


Бишкек. Күндүзгү стационарда иштеп жаткан дарыгер.
Бишкек. Күндүзгү стационарда иштеп жаткан дарыгер.

Кыргызстанда бир сутка ичинде өлкө боюнча тогуз медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Алардын ичинен Баткен менен Ош облустарында төрттөн, Жалал-Абадда бир медкызматкер.

Андан тышкары COVID-19 илдети жуккан төрт медициналык кызматкер ооруканалардан сакайып чыкты. Үй карантининен 15 дарыгер чыгарылды.

Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3 197 учур катталды, алардын ичинен 2 779 медкызматкер айыкты. Расмий маалымат боюнча, коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери 70тен ашык медицина кызматкерлери бул оорудан каза болду.

Саламаттык сактоо министрлиги 11-сентябрда илдет жуккан 144 медицина кызматкерине 200 миң сомдон, ал эми вирустан каза болгон 21 медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон кенемте төлөнгөнүн кабарлаган.

Өкмөттүн чечими менен иш учурунда коронавирус жугуп, каза болгондордун жакындарына 1 миллион сомдон кенемте берилиши керек. Ал эми вирус жугузуп алган медкызматкерлерге 200 миң сомдон кенемте каралган. (BTo)

XS
SM
MD
LG