Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Боронов: Үч айга жете турган дары-дармек бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып Кыргызстанда ушу тапта зарыл медикаменттердин үч айга жете турган көлөмү бар экенин билдирди.

Бул тууралуу ал 19-сентябрда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында айтты.

«COVID-19дун экинчи толкуну болот деп айтылып жатканына байланыштуу дары-дармектерге муктаждык жаралбашы үчүн ар кандай жагдайга даяр турушубуз керек», - деди Боронов.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта аймактарга сасык тумоого жана курч респиратордук вирустук инфекцияга каршы вакцинанын биринчи партиясы жеткирилгени айтылат. Боронов ошондой эле COVID-19га каршы вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү күчөтүү керектигин тапшырды.

Андан тышкары ушул күнгө чейин 12 медициналык мекеменин ичинен 7 саламаттык сактоо уюму толугу менен курулуп, оңдолуп, жабдылды.

Кыргызстанда коронавирус күчөп турган июль айында дары-дармек кымбаттап, айрымдары табылбай калды. Көбүнчө гепарин, левофлоксацин, азитромицин, ингавирин, арбидол, эргоферон, анаферон, парацетамол деген дарылар тартыш же такыр эле жок болуп жатты.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда коронавирус 45 335 адамга жукту, алардын ичинен 41 484 бейтап айыкты, 1 063 адам каза болду. (BTo)

XS
SM
MD
LG