Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:41

Ооганстандагы чабуулдан кеминде тогуз жоокер мерт болду


Ооган коопсуздук кызматкери, Желалабад. 15-сентябрь, 2020-жыл.
Ооган коопсуздук кызматкери, Желалабад. 15-сентябрь, 2020-жыл.

Ооганстандын түндүгүндөгү Тахар провинциясында талиб жоочуларынын чабуулунан кеминде тогуз ооган жоокеринин өмүрү кыйылды. «Толо» маалымат агенттиги өз булактарына таянып билдиргендей, дүйшөмбүгө караган түнү Кашт-е-Кала районундагы Нав Абад кыштагында «Талибан» кыймылы менен ооган күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болгон.

«Кагылышуу бир сааттан кийин токтогон. «Талибан» кыймылы да жоготууга учурады. Бирок алардын так саны белгисиз», - деп билдирген атын атабаган адам «Толо» агенттигине.

Бул окуя талибдер менен расмий Кабулдун делегациясы Катар мамлекетинде тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүп жаткан учурда болду.

АКШ менен «Талибандын» өкүлдөрү февраль айынын соңунда кол койгон келишимге ылайык, ооган өкмөтү менен талибдер туткундарды алмашып бүткөндөн кийин оогандардын өз ара ички диалогун башталышы керек эле. Бирок бул диалог туткун алмашуу маселесине байланыштуу кечеңдеп отуруп, 12-сентябрда башталган. Мындай сүйлөшүүлөргө карабастан кийинки күндөрү Ооганстанда өкмөттүк күчтөрдү бутага алган чабуулдар көбөйдү.

XS
SM
MD
LG