Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Мамлекеттик тил күнүнө карата 18 китеп чыкты


Мамлекеттик тил күнүнө карата чыккан 18 китеп.
Мамлекеттик тил күнүнө карата чыккан 18 китеп.

21-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги Мамлекеттик тил күнүнө карата чыгарылган 18 китептин бет ачар аземин өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын колдоо боюнча улуттук программанын алкагында 8 409 нускада 18 китеп басылып чыккан. Иш-чарада китептер боюнча талкуу болуп, авторлорго сый акы берилди. Басылып чыккан китептер майыптарга, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелерине багытталган. Билим берүү министрлиги бул китептерди чыгарууга канча каражат сарпталганын маалымдаган жок.

Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна 31 жыл толду. 23-сентябрь 1989-жылдан бери кыргыз тилинин майрамы катары белгиленип келатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG